www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Индиянын Marion Biotech компаниясы өндүргөн жөтөлгө каршы "Док-1 Макс" жана "Амбронол" сиробдорун сапат стандарттарына дал келбеген дарылардын тизмесине кошту.

Ага ылайык, ДССУга мүчө өлкөлөрдө аталган дарыларды сатууга жана колдонууга тыюу салынат.

Уюмдун билдирүүсүндө белгиленгендей, Өзбекстанда жүргүзүлгөн лабораториялык анализдин жыйынтыгында "Док-1 Макс" менен "Амбронолдун" курамында уулуу диэтиленглиголь жана этиленгликоль заттарынын ашыкча көлөмү бар экени аныкталган. ДССУ бул заттар адам өмүрү үчүн кооптуу экенин эскертти.

Өзбекстанда өткөн жылдын декабрь айынан бери "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин 20 бала чарчап калган. Өткөн жылдын аягында Өзбекстандын бийлиги аталган дарыны өлкө аймагында сатууга тыюу салган. Ушундай эле чечим Кыргызстанда да кабыл алынган.

ДССУ "Док-1 Макс" жана "Амбронол" сиробдорун сапат стандарттарына дал келбеген дарылардын тизмесине кошкондон кийин Тажикстандын бийлиги да аларды өлкө аймагына алып келүүгө жана сатууга тыюу салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости