www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) маймыл чечеги менен ооруган балдарды аныктады. Бул тууралуу БУУнун чечекке каршы күрөшүү программасы боюнча катчылыктын жетекчиси Розамунд Льюис брифинг учурунда билдирди.

"Балдар ооруп жатканы боюнча маалыматтар бар. Бүгүнкү күндө алардын үчтөн бири 10 жашка чейинкилер болсо, жарымы беш жашка чейинки балдар", — деди Льюис.

Ал ошондой эле кичинекей курактагы балдарга илдет "үй шартында" жугуп жатышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Акыркы кезде маймыл чечеги 58 мамлекеттен алты миң учур катталды. Бирок инфекциянын кандай жол менен тарап жатканы адистерге белгисиз болууда.

Эске салсак, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маймыл чечеги боюнча абал дүйнө жүзүндө өзгөчө кырдаал абалын жарыялоого жетпесе дагы өтө оор экенин билдирген.

Маймыл чечеги — вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алгандардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости