www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дене табынын көтөрүлүшү же жыт жана даам сезүү сезимин жоготуу коронавирустук инфекциянын негизги белгилери болбой калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атайын өкүлү Дэвид Набарро билдирди, деп маалымдайт SSV.

Дэвид Набарро ошондой эле тамак жана баш оору, мурундун агышы жаңы мутациялардын негизги белгилери экенин белгиледи.

«Азыр COVID-19 абдан «акылдуу» вируска айланып баратат. Ушундан улам ал адамдын иммунитетине «берүү» өзгөчөлүгүн өнүктүрөт. Бул инфекциялардын санынын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт», - дейт Набарро.

Ошого карабастан, эксперттер коронавируска каршы вакциналар жаңы мутациялардын бейтаптарда оңой жана кыйынчылыксыз өтүшүн камсыздайт деп эсептешет.

Маалым болгондой, коронавирус акыркы жумаларда кайрадан күн тартибине чыкты. «Омикрондун» BA.4, BA.5, BA.2.12.1 версиялары дүйнө жүзү боюнча жайылууда. Эң жаңы субвариант BA.2.75 – «кентавр» Индияда пайда болуп, дүйнөнүн 10дон ашык өлкөсүнө кирип кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости