www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Памирден келүүчү этникалык кыргыздарга Кыргызстанда шарт түзө алсак, дүйнөнүн ар тарабына тараган кыргыздарга таяныч боло алабыз". Мындай пикирин Легендарлуу парламенттин депутаты, академик Жамин Акималиев Nazar News маалымат агенттигине билдирди.

-Жамин агай, 2024-жылга чейин Кичи жана Улуу Памирдин аймагында жашаган 400 үй-бүлөнү Ооганстандан алып келүү пландалууда. Айрымдар муну жакшы жөрөлгө катары колдосо, кээ бирөөлөр чекилик катары сыпатташууда. Бул маселе боюнча кандай пикирдесиз?

-"Ооганстандан этникалык кыргыздарды көчүрүп келүү – бул абдан туура кадам. Себеби, алыстагы кыргыздардын өз Ата-Мекенине келем десе эки көзү төрт. Мындай маанилүү иштер мурун да болуп келген. Бирок, анда алар Кыргызстандын алыскы жана бийик тоолуу райондоруна жайгаштырылып, ыңгайсыздык түзүлгөн. Ал турмак, кээ бирлери кайра көчүп кеткен. Бул жагынан бизде жакшы тажрыйба бар. Бир нече жыл мурун Тажикстанда жашаган кыргыздардын жүздөгөн үй-бүлөсүн көчүрүп келип, Чүй өрөөнүнө жайгаштырганбыз. Мисалы, алардын бир нечелери Сокулук районунун Жаңы Пахта айыл аймагына отурукташкан. Аларга жер бөлүнүп берилген. Жашоо-жайын курууга шарт түзүлгөн. Азыркы учурда алар Кыргызстандын чыныгы атуулдарынан болуп ийгиликтүү иштеп жатышат. Турмуштары жакшы, бала-чакасы бактылуу, ал турмак кээ бир өкүлдөрү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланганга жетише алышты.

Муну айтып жаткан себебим, мына ушундай ыңгайлуу шарттарды биз Памирден келүүчү этникалык кыргыздарга дагы түзүшүбүз керек. Мына ошондо гана биз чыныгы патриот болуп, дүйнөнүн ар тарабына тараган кыргыздарга таяныч боло алабыз", - дейт академик Акималиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости