www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги “Аутизм Победим KG” борборунда ДЦП (балдардын церебралдык параличи) менен ооруган баланы ур-токмокко алган 37 жаштагы дефектолог кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуяны Биринчи май райондук милициясы иликтөөдө.

“Жабыр тарткан бала 6 жашта жана Ош райондор аралык медициналык-социалдык эксперттик комиссиясында каттоодо турат. Ал эми “Аутизм Победим KG” борборуна 27-апрелден тарта бара баштаган”, - деп айтылат маалыматта.

“Аутизм Победим KG борборунун директору операция жасатуу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткен. Аталган борбордун кардарларынын бардык документтери сейфте, анын ачкычы бир гана борбордун директорунда экендиги айтылат.

Эскерте кетсек, аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексине 66-беренеси боюнча катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости