www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан менен Кумтөр компаниясы ортосунда, кыргыз тараптын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге», - деди бүгүн, 26-майда NazarNews маалымат агенттигине Осунбек Жамансариев.

- Осунбек мырза, «Кумтөрдү» иштеткен «Центерра Голд» компаниясы экологияга зыян келтиргенине карабай Кыргыз өкмөтүн Эл аралык сотко беришкенин жар салды.  Бул жерде биздин эл аралык келишимдерди бузганыбыз иликтениши керекпи же алардын экологияга эсепсиз зыян келтиргени эске алынышы керекпи?

- Ооба, «Центерра Голд» компаниясы Кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн Эл аралык арбитраждык сотко доо арыз менен кайрыла тургандыгын жарыялады. Чындыгында, «Кумтөр» кени боюнча, «Центтера Голд» компаниясы чыгаша тарабын: айлык маяналарын эбегейсиз көп кылуу менен тетиктерди, тамак-аш, техникаларды сатып алууда каалагандай акча сарптап, пайдасын азайтып, миллиондогон долларларды жеп келишти.

Кыргыз бийлиги өз жерибизде турган алтындын тиешелүү пайдасын алмак түгүл көзөмөл жагын толук жоготконубуздан, экологиябыз чоң зыянга учурады. Эми Кыргызстан өз мыйзамдуу укугун коргоп алышы керек...

Карала турган сот отурумуна, кыргыз тарап абдан чебер даярданышы керек. Анткени, 2003-2009-2017- жылкы кыргыз тарап менен «Центерра Голд» компаниясы кээ бир келишимдерди Конституциялык сот менен да бекитишип, тактап айтканда, кыргыз тараптын эл аралык сотторго кайрылуу мүмкүнчүлүктөрүн бууп салышкан экен. Анын ичинде экология, салык боюнча да чогуу камтылып калса керек.

Тактап айтканда, коррупциялык, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыктарына каршы келген келишимдерге кол койгон чиновниктерге жана «Центерра Голд» компаниясынын жетекчилерине кылмыш иштери козголуп, анын аркасы менен мурунку келишимдерди мыйзамсыз деп табуу иштери жүрө турган болду окшойт. Мындайча айтканда, комплекстүү иш алып баруу менен, акыйкат, мыйзамдуу жыйынтыкка жетебиз деген ишенимдемин.

Белгилей кетсек, Кыргызстан «Кумтөр» алтын кенин эле эмес, «Центерра Голд» компаниясы «Кумтөрдөн» түшкөн акчасына сатып алынган Түркиядагы алтын кендеги, дагы башка кендердеги үлүштөрдү алууга аракет кылууда.

Негизи эле, эки тараптуу түзүлгөн келишимдер түзүлгөндө экология, суу, жаратылыш эске алынып, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келбегендей болуш керек эле. Эгер андай болбосо, ал келишимдерди мыйзамсыз деп табууга болот.

- Эми алар кыргыз бийлигин алсыратуу үчүн күтүлбөгөн кадамдарга барышпайбы?

- Миллиарддаган акчаны жеп келген «Центерра Голд» компаниясы, албетте бардык иш аракеттерди жасашат. Менимче, алар деле соттошуудан коркушат. Анткени, 2021-жылдын 16-майында Министрлер кабинети сырттан башкарууну киргизүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш аркылуу кабыл алды, бул алардын ишин татаалдаштырды десек болот.

Буюрса, азыркы бийлик «Кумтөр» алтын кенибиз боюнча маселенин аягына чыга турган болду окшойт. «Центерра Голд» команиясынын үлүштөрүнө Казакстан, Россия жана башка мамлекеттердин жарандары ээ экени баарыбызга белгилүү, демек алар тараптан да тоскоолдуктар болушу мүмкүн жана бийликти кетирүүгө аракет кылган ички күчтөргө ар түрдүү жардам берүүлөрү да толук мүмкүн.

Кыргызстандын тышкы карызы 5 миллиард АКШ долларына жетип калды, бюджетте акча тартыш, каатчылык болууда. Мындай учурда бийликтин туура иштерине жок дегенде моралдык колдоо көрсөтүп туруубуз зарыл.

Айта кетсек, «Кумтөр» алтын кени боюнча, талаш тартыш, чиновниктердин шектүү иштерге аралашканы жөнүндө көп айтылып келет, анын далили болуп Кыргызстан менен Кумтөр компаниясы ортосунда, кыргыз тараптын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге, эл күбө болууда.

- Эми Теңиз Бөлтүрүк артылган жүктө татыктуу көтөрүп, ишенимди актай алабы?

- Теңиз Бөлтүрүк, буга чейин Кумтөр алтын кенинде, 1996-1998-жылдары иштептир, Казакстанда бир чоң конференцияда доклад жасаганын интернеттен көрдүм, Канаданын жараны дагы экен, кыскасы, тоо-кен тарабында жетиштүү деңгээлдеги адис, патриот адам катары тушүндүм.

Албетте, ал адамдын негиздүү көз карашы, алдыга койгон максаты, баарыбызды шыктандырды, десек болот. Эми, элдин үмүтүн актаса болду...

- Бирок, Канаданын Жогорку сотуна, «Центера Голд» компаниясы Теңиз Бөлтүрүктү, «Кумтөр Голд» компаниясын, сырттан түз же кыйыр башкаруусуна тыю салуу жөнүндө, сот иши козголду деп жүрөт го...

- Менимче, кылмыш иш козголгону тууралуу маалымат туура эмес. «Кумтөр Голд» компаниясында акциясы бар, компаниялар же жеке адамдар болобу, баары алтын пайдасынан ажырап калбаш үчүн, бардык аракеттерди кылышаары шексиз. Кумтөр боюнча иш чарада, Т. Бөлтүрүктүн артында мамлекет турат, буйруса, жакшы жыйынтыкка жетебиз, деген ишенич бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости