www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 18-19-май күндөрү Улуу Жибек жолунун башталышы катары эсептелген байыркы Кытайдын борборлорунун бири Сиань шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлерин Кытай-Борбордук Азия саммитине чакырды.

Орусиялык саясат таануучу Аркадий Дубновдун айтымында, Си Цзиньпин Москва өзүнүн мурасы деп эсептеген аймакты көзөмөлдөө үчүн олуттуу күрөштү баштап жатат.

"Борбордук Азия үчүн орус-кытай салгылашы жакынкы жылдардагы эң маанилүү геосаясий окуялардын бири болуп калышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө украин трагедиясынын фонунда, албетте, кытайлык жолдоштордун позициясы артыкчылыктуу көрүнөт. Борбор Азиянын лидерлеринин Путиндин жанындагы майрамдык иш-чараларга катышуусу Кытайды көздөй алыска барууга ниеттери жок экенин көрсөтүшү керек”, - дейт Дубнов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости