www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Москвада Жеңиш парады өтүүдө

Москванын Кызыл аянтында салттуу Жеңиш парады өтүүдө. Быйыл 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгы белгиленүүдө. Бүгүнкү салтанатка жети өлкөнүн лидерлери: Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын президенттери, Армениянын премьер-министри катышып жатат.

Парадды Кургактагы аскерлердин башкы командачысы, армиянын генералы Олег Салюков башкарып, парадды Орусиянын Коргоо министрлигинин башчысы Сергей Шойгу алып барууда. Анын айтымында, парадга 10 миңден ашык адам жана 120дан ашык курал-жарак жана аскердик техника тартылат. Кошумчалай кетсек, парадга Украинадагы “аскердик операцияга” катышкан бөлүктөр да катышууда.

Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков параддан кийин Белгисиз жоокердин мүрзөсүнө чогуу гүлчамбар коюу пландалып жатканын, андан соң мамлекет башчылары орус президенти менен бейформал тамактанарын билдирди. Кремль ошондой эле парадда коопсуздукту камсыздоо үчүн «зарыл чараларды» көрүүгө убада берди.

 

Последние новости