www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнө жүзүндө аялдарга карата зомбулукка каршы митингдер өттү. Бул нааразычылык акцияларына Италия, Мексика, Судан, Испания жана Түркия өлкөлөрүндөгү кыз-келиндер чыгышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Бириккен улуттар уюму 2017-жылы дүйнө жүзү боюнча 87 миң кыз-келиндер жана өспүрүм кыздар өлтүрүлгөнүн билдирген. Кыз-келиндерге карата БУУ зомбулук “бүгүнкү күнү кеңири тараган жана токтобой келген” көйгөй экени белгиледи.
Кээ бир өлкөлөрдө демонстранттар коопсуздук кызматкерлери менен кагылышты. Акция маалында актвистер “эркиндик, тынчтык жана адилетүүлүк” деген ураанды кыйкырып турушкан.
Эң чоң акциялар Латын Америкасында өттү. БУУнун маалыматына караганда, бул аймакта күнүнө 12 аял үй-бүлөдөгү зомбулуктан каза табат.
Стамбул шаарындагы демонстрациялар башаламандык менен коштолду. Активисттер полиция менен кагылышты. Жергиликтүү бейөкмөт уюмдар 2019-жылы үч жүзгө чукул аял зомбулуктан улам каза тапканын айтышууда.
Эскерте кетсек, өткөн аптанын соңунда аялдардын зомбулукка каршы чыккан акциялары Францияда болуп өткөн. Маалыматта, 2017-жылы 123 киши ушундай зомбулуктун курмандыгы болгон. Үй-бүлөдөгү зомбулукка жыл сайын 220 миңдей франциялык кыз-келиндер кабыларын билдиришкен.
Булак: NazarNews.kg