www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдө коронавирус инфекциясын 117 миллион 126 миң 959 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 66 миллион 310 миң 295 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 599 миң 255 адам илдеттен каза болду. Бул статистикалык маалымат бүгүн, 9-мартка карата алынды.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 29 миллион 46 миң 14 болду. 525 миң 728 адам каза болсо,12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 11 миллион 229 миң 398 адамдан аныкталды. 157 миң 853 адам каза болсо, 10 миллион 882 миң 798 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 11 миллион 51 миң 665 адам вируска кабылган. 266 миң 398 бейтап көз жумса, 9 миллион 814 миң 592 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости