www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-марттан бери орусиялык чек арачылар башпаанек берүү боюнча арызын кабыл албай жаткан түркмөнстандык активист Орусиянын президенти Владимир Путинге видео кайрылуу жолдоду.

27 жаштагы Розгелди Чолиев үй-бүлөсүн башпаанек суроочу иретинде каттоодон өткөрүүнү, депортацияга жол бербөөнү өтүндү.

Анын кайрылуусун Түркмөн Хельсинки уюму "YouTube" каналына жарыялады. Шереметьево аэропортунда туруп калган Розгелди Чолиев өз өмүрү үчүн кооптонуп жатканын билдирген.

Ашхабаддык Чолиев Карачай-Черкес мамлекеттик университетинде дене тарбия факультетинде окуган. 2020-жылы январда ал окуудан чыгып кеткен. Кийин ушул эле универститеттин даярдык курсуна жазылган.

Анын түркмөн өкмөтүн сынга алган кайрылуусу жарыялангандан кийин окуу жайдын проректору активистке буюм-тайымын жыйнап кетүүгө 20 мүнөт убакыт бере турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости