www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөдөгү эң кымбат ит 38,8 миң долларга сатылды

"Гиннесстин рекорддор китебине" Улуу Британиянын Долгеллау шаарынан алып келинген бир жаштагы бордер-колли тукумундагы ит дүйнөдөгү эң кымбат ит катары катталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлдөрү Ким аттуу бордер-колли тукумундагы ит аукциондо 38,8 миң долларга сатылгандыгын белгилешти. Ит "Farmers Marts" аукцион үйү уюштурган онлайн аукциондо сатылып алынган.

Буга чейинки рекорд Хенна аттуу итке таандык эле, ал 2020-жылдын октябрь айында 26 миң долларга сатылган.

Ким аттуу итти тарбиялаган фермер Дьюл Женкинс анын интеллектуалдык жактан өнүгүүсү буга чейин үч жаштагы иттин өнүгүү деңгээлинде экендигин айткан. "Ал баарын жасады. Ал бодо малды жана койлорду кайтарчу, бардык кыйынчылыктарга жана фермада иштөөгө даяр болчу", - деди Женкинс.

Буга чейин Англиянын Норфолк графтыгында дүйнөдөгү эң бийик ит наамын алган Фредди аттуу ит жаңы рекорд койгону кабарланган. Буга байланыштуу иттин ээси майрамдык кече өткөргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости