www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Душанбеде Тажикстандын жана Беларустун президенттери Эмомали Рахмон менен Александр Лукашенконун жолугушуусу өттү. Беларустун башчысы Тажикстанга расмий сапары менен 11-октябрда барган.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Лукашенко Беларус менен Тажикстан соода тармагында үчүнчү өлкөлөргө чыгууда кызматташуусун арттырса болорун айтты. Ал бул үчүн биргелешкен товарларды өндүрүүнү сунуштады.

"Коңшу өлкөлөрдө муктаждыктар көп. Ооганстан биздин продукциябызга муктаж жана алар биздин байланыштар аркылуу сооданы арттырууга кызыкдар", – деди Лукашенко.

Сүйлөшүүлөрдө эл аралык жана чөлкөмдөгү маселелер, анын ичинде Украинадагы согуш, Ооганстандагы кырдаал, Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамиле жөнүндө сөз болгон-болбогону белгисиз.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу 10 документке кол коюлду. Анын ичинде 2022-2026-жылдары кызматташууну өнүктүрүү боюнча "Жол картасы" да кабыл алынды.

Александр Лукашенконун иш сапарынын алкагында Душанбе шаарында тажик-беларус бизнес-форуму жана беларус продукциясынын көргөзмөсү өттү. Жыйындарда Беларус менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү өсүп жатканы белгиленди. Бул багыттагы көрсөткүчтөр 2022-жылдын сегиз айында өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөнү айтылды.

Беларус менен Тажикстанды Батыш мамлекеттери жана эл аралык уюмдар адам укуктарын одоно бузган өлкөлөр катары дайым сынга алып келет. Экөөндө тең оппозициялык көз караштагы адамдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына куугунтук бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости