www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дыйкандар күйүүчү майды арзандатылган баада ала алат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясы айылдык товар өндүрүүчүлөргө, сезондук талаачылык жумуштарын жүргүзүүдө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, өз ара кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, айыл чарба субьекттери күйүүчү майды 2 сомдун тегерегинде арзандатылган баада сатып алса болот. Күйүүчү май сатып алууну каалаган жарандар жергиликтүү бийлик органдарына тапшырык калтыруусу керек. Күйүүчү майлар «Газпром нефть Азия», «Партнер Нефть» май куюучу жайларынан берилет.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 2021-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу чыгып, пандемияга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, азык-түлүккө болгон бааларды турукташтыруу максатында айдоо аянттарын кеңейтүү, негизги керектелүүчү айыл чарба продукцияларын өндүрүү менен көлөмүн өстүрүүнү колго алуу, жер-жерлерде дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген.

Учурда жер семирткич, үрөндөр, жергиликтүү базарларда сатылууда.

Баткен облусунда 2021-жылдын түшүмү үчүн жаздык жана күздүк себилүүдө, 30501 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости