www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Аида Касымалиева парламент депутаттарынын санын азайтуунун терс жагын айтып чыкты. Ал депутаттар аз санда болсо кворум түзүү да оңойлоп, мамлекеттин тагдырын чечүү чечимдерди каалагандай кабыл алып коюу мүмкүн деп жатат. Чын эле ошондой коркунуч барбы?

- Мындай сунуштар эмнеге түшүп жатканын түшүнсө болот. Октябрь окуялары эмнеден келип чыкты? Өздөрүн партия деп атап алышкан топтор элдин добушун бүт сатып алгандан болду, айрымдарын акчага сатып алды, кай бирин коркутуп, алдап алды дегендей. Ошентип, абсолюттук көпчүлүк добушту алып коюшпадыбы. Мындан улам Аида Касымалиеванын кооптонуусунун себебин түшүнүп турам. Эгер депутаттардын саны аз болуп калса, ошол азчылыкка да октябрь айындагы шайлоодо ар кандай жолдор менен мандатка жеткен адамдар келбейт деген кепилдик жок да. Сатып алуучулар дагы да сатып ала беришет.

- Негизи эле сиздин оюңузча, депутаттардын санын азайтуу туурабы?

- Бул маселеде оптималдуу вариантка келиш керек. Экономикалык, саясий кырдаалга жараша элдин мүдөөсүн эске алуу менен парламентгин санын оптималдуу санга келтирүү учур талабы. Азыр көбүнчө 120 депутатты эл багып жатат дегендей сөздөр айтылып жатат. Бул сөздү түз түшүнбөш керек. Парламент нан чыгарган жок, колбаса чыгарган жок, жасаган иштери пайдасыз дегендей кептер айтылбашы керек. Алардын иши башка критерий менен бааланышы зарыл. Парламент Конституцияга гарант болуп, коопсуздукка, өзгөрүүлөргө жол ачып бере турган ишмердүүлүгү менен бааланышы керек. Парламент эч нерсе чыгарбайт, бирок ар бир мамлекеттик органдын өзүнө тийиштүү нукура милдеттери бар, аны аркалашат. Ал эми санына келчү болсок, эффективдүүлүгүн кароо шарт. «Канча болгондо иш натыйжалуу болот?» - деген суроонун тегерегинде иш алып барган туура. Бейшен Нурдинов деген депутат «шашпаш керек» - деп жатат, бул айтканы туура.

- Конституциялык кеңешменин төрагасы Конституциянын жаңы варианты элдик талкуудан өттү дегендей пикирин айтты. Ушул кезге чейин процесстер элдик талкууну туюндурабы?

- Бөрүбашев кызык сүйлөп алды, «Элдик талкууну кылбадык беле»,- деп. Президентгин жарлыгы менен комиссия түзүлүп, кеңешменин мүчөлөрү профессионалдуу талкуу жүргүзүп жатышты. Ал элдик талкуу эмес да, ал такыр башка нерсе. Парламент да бул маселеде өз чечимин чыгарат, бул күндөн бул күнгө чейин болот деген. Ансыз элдин талкууга коюлду, андан өттү деп айтуу болбойт.

- Дегеле Баш мыйзамдын жаңы вариантына кандай көз караштасыз?

- Биз ушул сапар кабыл ала турган Конституция менен башаламандыкты токтотуп, элдин ынтымагын бекемдешибиз керек. Баш мыйзам ошого негиздүү болушу шарт. Азыр жаңы заман келди, өзгөрүүлөрдү баштасак болот. Бирок президентти алдабаш керек. Бул эл шайлаган президент, эл чоң үмүт артып турат, ошондуктан, аны шаштырбастан, айланасыңдагы адамдар туура кеңештерин беришип, ыңгайсыз абалга калбагыдай, элдин үмүтүн актай тургандай шарт түзүп бериши зарыл. Бул коомчулукка жана анын тегерегиндегилерге айтылган сөз.

- Парламенттин да жоопкерчилиги бар да?

- Азыркы парламент өзгөчө парламент. Анткени, буларды олигархтар башкарып турду. Көшөгө артындагы лидерлери парламентте эмес, сыртта туруп алып башкарып, өздөрүнө керектүү мыйзамдарды чыгартып жатышты. Анан бул коррупциялык-криминалдык топ «мамлекеттин башкаруусун колго алабыз» - деген ниетти карманышканы кийин белгилүү болуп калбадыбы. Ошон үчүн «чимкирик» аталышты. Ал атты ким койгону белгилүү, бирок элдин оюна бап келди да. Өз ыктыярлары менен чечим чыгара алышпады. Бирдеме айтайын дешет, бирок кожоюну «башканы айт» дейт, анан же аны же муну айта алышпай, чайналып, оозунан сөз чыкса да жаңылып чыгып, тантырап калышпадыбы. Элдин эмес, кайсы бир тараптын кызыкчылыгы үчүн далбастап жатышканын баарыбыз байкадык. Мен жүз пайыз ушундай деп айта албайм, 120 депутаттын ичинде мыктылары да болду. Бирок парламент коллегиялдуу орган, көпчүлүк добушу роль ойноп кетет. Ошон үчун парламент тарыхый милдетин аткара албады деген жыйынтык пайда болду.

Ошондуктан, келерки парламент бир топтун, бир кишинин эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн мамлекеттик органга айлана тургандай кылышыбыз керек. Тандалып, электен өткөрүлгөн, өз пикири, көз карашы бар, таза, билимдүү адамдардын келишин шарттасак, өнүгүү да болот, жумуш да жакшырат, элдин нааразычылыгы да жаралбайт.

- УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупция менен күрөшкө катуу киришкенине күбө болуп жатабыз. УКМКнын терагасынын мурдагы орун басары катары айтсаңыз, коррупция менен күрөшүү реалдуубу?

- Камчыбек Ташиевдин мүнөзүн жакшы билебиз. Эл деп аракет кыльш жатат. Коопсуздук кызматында мурда иштеген адам катары аракетин баалайм жана туура деп эсептейм. Айтканынын баары туура. Кылмыштуулукту, контрабанданы жоюш керек, коррупцияны токтотуш керек. Анткени, өнүгүүбүзгө бут тосуп жаткан факторлор так ушулар. Ошол эле убакта атайын кызматтан көп функциялары бар, ага көңүл буруш керек деп айтат элем. Мамлекетти кылмыштуу топ башкарбаш керек, андыктан Камчыбек Ташиевдин алган багытын, бараткан жолун кош колдоп кубаттап турам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости