www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз кыргыздар адеп-ахлак, нарк менен жашаганыбыз туура. Дүйнө элине ушул жол менен үлгү болушубуз керек. Мындай пикирди коомдук ишмер, белгилүү саясатчы Дастан Сарыгулов NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--“Бийлик адилет болушу керек, бийлик калыс болушу абзел. Андыктан туруксуздук биринин артынан бири уланып жатат. 21-кылымда Баш мыйзам менен жашашыбыз керек. Дүйнө эли баары мыйзам менен иштеп жатат. Ошондуктан Кыргызстан дагы мыйзам менен жашап, иштегенибиз туура. Бирок көпчүлүк бул мыйзам учурда иштебей калды. Баш мыйзамда президент жана өкмөт башчы жооп бербейт деп жазылган. 30 жылдан бери алар жооп бербей жүрүшөт. Азыркы жаңы долбоордо дагы ушундай жазылыптыр. Мыйзамды сот органдары, күч органдары, салык жана башка кызматтар бузуп жатышат. Биздин бабаларыбыз жазылбаган мыйзам менен жашап келген. Ошону улай эле 30 жылдан бери ата-бабаларыбыздан калган руханий байлык, адамдык касиет, ыйман менен азыркы эл деле жашап келет. Бул каныбызга сиңип калган нерсе, мен муну туура деп эсептейм. Баш мыйзамда дагы ушундай адеп, каада-салт кармалышы керек. Кыргыздар нарк, ыйман, адеп-ахлак менен жашаганыбыз туура. Дүйнө элине ушул жол менен үлгү болушубуз керек”, - дейт Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости