www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек сиңирген дарыгер Кубанычбек Шүкүрбаев көз жумду

Кечээ, 23-февралда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун бөлүм башчысы, Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Шүкүрбаев Кубанычбек Абдыбаевич каза болду. Бул тууралуу аталган борбордон билдирди.

Кубанычбек Шүкүрбаев 1959-жылы 7-октябрда Токтогул районунун Үч-Терек айылында төрөлгөн. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн.

1999-жылы «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. 2002-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин ардак грамотасы тапшырылган. 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» наамын алган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости