www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үмүт Муканбетованы УКМК кармаганы туура эмес. Мындай пикирди саясатчы Жеңиш Молдакматов NazarNews маалымат агенттигине бүгүн, 24-февралда билдирди.

--“Мен журналист Үмүт Муканбетованын адамдык сапатын жакшы билем. Ал ар дайым чындыкты чагылдырган журналист катары коомдо таанымал. Ал эми ага карата жасалып жаткан азыркы иш туура эмес. Себеби, УКМК кармаганы туура эмес. Анын бул ишке тиешеси жок. Муканбетова мамлекеттик чоң кызматты ээлген адам эмес. Негизи чын эле акча талап кылган болсо анда Ички иштер министрлиги караш керек эле.  Бул жерде мыйзам бузуулар бар. Себеби,  ага тыйын бергенге аракет кылган адам жоопко тартылыш керек болчу. Бул жерде туура эмес иштер жүрүп жатат. Экинчиден УКМК аны "күнөөлүү" деп айтты. Бул туура эмес. Муканбетованын иши тергелип бүтүп, чындыгы аныкталганда гана айтыш керек. Ага чейин “шектүү” деп гана айтуу зарыл. Азыр УКМК баарын эле кармап алып эле күнөөлүү деп жатышат. Мыйзам чегинде так, аныкталганда гана “күнөөлүү” болот. Тиги айтты, бул айтты деп кармап, камагандары катачылык”, - дейт саясатчы.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости