www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январдагы №5 «Кыргыз Республикасынын кен казып алуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу иретинде кабыл алынган, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу жана пайдалуу кендерди мыйзамсыз казып алууга контролду күчөтүү максатында туруктуу иш алып баруучу ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызмат билдирди.

Кабыл алынган чечимге ылайык, ведомстволор аралык жумушчу топ жер казынасын пайдалануу объекттеринде көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуусу зарыл, ошондой эле ведомстволор аралык жумушчу топко белгиленген тартипте зарылдыгына жараша иштин жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, көз карандысыз эксперттерди жана коомдук активисттерди ишке тартууга укук берилген.

Ведомстволор аралык топтун курамына мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү кирет, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисиснин орун басары ведомстволор аралык жумушчу топтун төрагасы болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости