www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда баардык жарандарды коронавируска каршы эмдөө июль айында башталат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн президенти Джо Байден жергиликтүү телеканалдардын биринде жарандар менен алгачкы түз баарлашуусунда билдирген.

"Июлдун аягында 600 миллион доза вакцинага ээ болобуз. Бул ар бир АКШнын жаранын эмдөөгө жетиштүү болот", - деп билдирген ал.

Буга чейин жапырт эмдөө жазында башталары айтылган. Бирок вакцинанын жетишсиздигинен улам кийинкиге жылдырылган.

"Учурда АКШда улгайган адамдар, медицина кызматкерлери сыяктуу калктын бөлүгү эмдөөдөн өтүүдө. Президент мугалимдерди эмдөөнү айтып, мектептерди эртерээк ачуу керек деген оюн билдирди. Бирок өлкө башчы кадимки жашоо ыргагына кайтууга дагы көп бар экенин эскертти", - деп жазылат маалыматта.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости