www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жеке конфликт жарандык тирешүүгө алып баратканын эскертти: “Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир бийликке тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Азыр бул жарандык тирешүүгө алып келип бараткан жеке конфликттин улантылышына эч жол бербей, токтотуш керек", - деп жазат Бабанов. анын кайрылуусунда.
Бабанов "2002-жылдагы Аксыдагы кан төгүүгө жол бергендиги үчүн элибиз Акаевди эч качан кечирбейт, 2010-жылдагы Таластагы жана Бишкектеги кан төгүүлөр үчүн элибиз Бакиевди эч качан кечирбейт. Каргашалуу тарыхыбызды экинчи эч кайталабайлы, элибиз эле кыйналат" деген.
Саясатчы Өмүрбек Бабанов өзү 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ал учурда Москвада. Соңку президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон
Кайрылуусунда Кыргызстанга кайтып келүү ниети бар экендигин, бирок чагымчыл аракеттерден улам, тарапкерлерин ойлоп астейдил болгонун белгилеген.
Кыргызстандагы окуялар боюнча коомдук сайттар аркылуу кайрылуу жасады. "Республика" партиясынын лидери аракеттеги президентти жана мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди тирешти токтотууга чакырды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»