www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК КСДПнын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун айткандарына жооп берди.
«Атайын кызматтын аскерлери Атамбаевдин үйү тарабынан атылган аскер огунан жарадар, алган жараатынан бир аскер ооруканада каза болду. Барымтага алынган аскерлер катуу сабалган. Атамбаевдин тарапташтары тирүү тосмо катары аялдар менен балдарды пайдаланышкан», - деп билдирди УКМК.
Белгилей кетсек УКМК бир нече жолу УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда желим октор менен атайын каражаттар гана колдонулганын билдирген.
Эске сала кетсек, кечээ 7-августта Кой-Таштагы окуядан улам 48 адам жараланган. Бир жоокер каза таап, милиция кызматкери Самат Курманкулов оор абалда.
Болуп өткөн окуяга кылмыш иши козголду. Кошумчалай кетсек, Атамбаев түштөн кийин Ак үйгө бастырып келе тургандыгын айтты. Атамбаевдин бул кадамыны ИИМ азырынча жооп айта элек.
Булак: NazarNews.kg