www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөлөрү 4-апрелде алдын ала пландашып, Бишкектен Н.Б. аттуу ишкерге кол салышып, сабап, скочтоп таңып талаага таштап, “Рендж Ровер” машинасын күч менен тартып алышкан окуянын түйүнү Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин  прокурор болуп иштеген иниси Алмаз Абжалиевге барып такалды.  

Окуяны иликтеген Ысык-Ата районунун оперлери уурдалган машинанын изин Оштон табышты. Болгондо дагы прокурор болуп иштеген Алмаз Абжалиев айдап жүргөн. Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевдин прокурор иниси менен уюшкан кылмыштуу топтун кандай байланышы бар? Оперлер прокурор Абжалиевди мыйзам жол бербейт деп камакка алып кармай алышпай калганы кандай? Абжалиев уурдалган машина айдап качып, Ош ШИИБге барганы да кызык... УКТ, прокурор Абжалиевдин, ИИМдин Ош шаардык милиция кызматкерлеринин ортосунда кандай байланыш бар? Күмөн жараткан жагдайлар көп. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул окуяны өз көзөмөлүнө алууга тийиш. Мындай резонанс жараткан коомдогу талылуу кылмыштын бети ачылып жаткан соң, Курманкул Зулушев өз тармагын сыйласа, калыстыкты карманса, анда Алмаз Абжалиевди калкалабай, мыйзам алдында жазалоого мүмкүнчүлүк түзүш керек. Болбосо, балык башынан сасыйт деп шек кетет. Кимди-ким көрдү кылып, ишти жаап коюу мүмкүн эмес. 

Айтмакчы, үрөй учурган окуянын кандай болгонун "Aryba. kg" сайты кенен талдаган. Биз андагы маалыматтагы урунтуу жерлерин кыскача беребиз. 

3-апрелде Н.Б. аттуу жаран “Риом” автобазарына “Рендж Ровер” үлгүсүндөгү машинасын сатканы барат. Ал жерден өзүн “Жолдошбек” деп тааныштырган адам пайда болуп, “Рендж Роверди” айланчыктап, атасына сатып берерин айтып алдап, эртеси 4-апрелде жолгугушууну айтат. Эртеси Анкара-Достоевский көчөлөрүнүн кесилишинен 19.00 чамасында кезигишип, анан аны талаага алып барып сабап, таңып башка машинага жүктөп, Рендж Ровер машинасын айдап кетишкен. 

Ал эми жабырлануучуну эртеси 5-апрелде түштөн кийин Ысык-Ата району менен Казакстандын чектешкен аймагына каналдын боюна жабырлануучуну алып келген окуяны мал жайып жүргөн жаран көрүп милицияга билдирип, көп өтпөй Ысык-Ата РИИБнин оперлери келе калышып, эки эркек, бир аялды колго түшүрүшөт. Балыкчы шаарынын тургуну – К.Н. (1998-ж.), Бишкек шаарынын жашоочулары – С.К. (1994-ж.) жана М.А. (1994-ж.) убактылуу кармоочу жайга киргизилген. КР кылмыш кодексинин “Адам урдоо” (145-берене), “Карактоо” (207-б.), “Коркунучта калтыруу” (144-б.) аракеттери менен айыпталышып, тергөө амалдары жүрүүдө.

Ал эми уурдалган “Рендж Ровер” машинасынын изи Оштон табылып, “Нур заман” элиталык үйүнүн жертөлөөсүндө турганын аныкталып, ал жер байкоого алынгандан соң , анан машинаны прокурор Алмаз Абжалиев айдап оперлерден качып, Ош ШИИБге качып келип жатпайбы? Кызык бекен?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости