www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган негизги майрамдык иш-чаралар быйыл Талас облусунда өтөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

11-августта Бишкектеги «Ынтымак Ордо» имаратында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында майрамдык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги отуруму өттү.

Жыйында Эгемендүүлүк күнүн белгилөөнүн башкы программасы, Талас облусундагы даярдык иштери, майрамдык концерттин концепциясы жана майрамга карата курулуп жаткан объектилердин даярдыгы талкууланды.

Касымалиев бардык даярдык иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо зарылдыгын белгилеп, майрамды жогорку уюштуруучулук деңгээлде өткөрүү керектигин айтты.

Анын айтымында, быйыл март жана июль айларында Талас облусунда даярдык боюнча көчмө жыйындар өткөрүлүп, өзү да аймакка барып, курулуш жана даярдык иштеринин жүрүшү менен таанышкан.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга курулуш, көрктөндүрүү жана уюштуруу иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилеринин алдыга коюлган милдеттерди аткаруудагы жеке жоопкерчилиги белгиленди.

Последние новости

Ислам НАТОсу
Ислам НАТОсу
4337
11.08.2026 15:34