www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын отставкадагы контр-адмиралы Марк Монтгомери Вашингтон Иран, Орусия, Кытай жана Түндүк Кореянын өз ара кызматташтыгынан жаралган коркунучтарды жетиштүү баалабай жатканын билдирди.
Анын айтымында, төрт өлкө аскердик, технологиялык, экономикалык жана кибер тармактарда кызматташууда. Иран Орусияны “Шахед” дрондору жана технологиялары менен камсыздаса, Түндүк Корея артиллериялык ок-дарыларды жана аскерлерди жөнөтүп келет. Кытай болсо Орусиянын аскердик өндүрүшүнө керектүү микроэлектроника менен камсыздоого катышууда.
Монтгомери Украинадагы согушту бул мамлекеттердин аскердик тажрыйба жана технология алмашуусунун “лабораториясы” деп атады.
Ал ошондой эле АКШ бир учурда бир нече куралдуу жаңжалга аралашып калуу коркунучуна туш болуп жатканын белгилеп, армиянын ок-дары жана айрым аскердик ресурстары боюнча запастарын көбөйтүү зарылдыгын айтты.