www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна балдар онкологиясы жана гематологиясы тармагында колдонулуучу заманбап медициналык жабдуулар тапшырылды. Жабдуулардын жалпы баасы 24 миллион сомдон ашат.
Жабдууларды «Ас-Сафа» коомдук кайрымдуулук фонду трансплантациялык жардамды өнүктүрүү максатында берген. Алардын арасында гемопоэздик өзөк клеткаларын чогултууга арналган аферез аппараты жана оор татаалдашууларды дарылоодо колдонулуучу экстракорпоралдык фотоферез (ECP) системасы бар.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов борборго барып, жаңы жабдуулар менен таанышты. Анын айтымында, негизги максат — балдардын чет өлкөгө барбай, Кыргызстанда жогорку технологиялуу дарылануусуна шарт түзүү.
«Балдар онкологиясын, гематологиясын жана трансплантациялык жардамды өнүктүрүү саламаттык сактоо системасынын маанилүү багыттарынын бири. Биздин негизги милдет – балдардын үй-бүлөсүнөн алыс кетпестен, Кыргызстанда жогорку технологиялуу дарылоону алуусуна шарт түзүү», — деди министр.
Балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбековдун маалыматына караганда, Кыргызстанда бир нече жыл мурда сөөк чучугун трансплантациялоо дээрлик мүмкүн эмес болчу.
Бөлүмдүн адистери Түркияда атайын окуудан өтүп, андан кийин Кыргызстанда биринчи жолу автологиялык сөөк чучугун трансплантациялоо ийгиликтүү жасалган.
Адистердин эсептөөсү боюнча, жыл сайын гемопоэздик өзөк клеткаларын трансплантациялоого Кыргызстанда 20–30 бала жана 90го жакын чоң киши муктаж болот. Чет өлкөдө мындай операциянын баасы 100 миң долларга чейин жетиши мүмкүн.
Учурда борбордо 9 жаштагы Салахидин аттуу бала трансплантацияга даярдалып жатат. Ал 2022-жылдан бери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жакында жаңы жабдуунун жардамы менен анын өзөк клеткалары алынды.
Жакынкы күндөрү балага автологиялык сөөк чучугун трансплантациялоо пландалууда.
Мындан тышкары, борбордо трансплантация үчүн адистештирилген блокту оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Ага мамлекеттик бюджеттен 17 миллион сом бөлүнгөн.
Блокто трансплантациядан кийинки бейтаптар үчүн зарыл шарттар, анын ичинде абаны HEPA-фильтрлери аркылуу күнү-түнү тазалоо системасы түзүлүүдө. Оңдоо иштерин жакынкы 2–3 жумада бүтүрүү пландалууда.
Жаңы аферез аппараты автологиялык жана аллогендик трансплантация үчүн керектүү гемопоэздик өзөк клеткаларын чогултууга мүмкүндүк берет. Ал эми ECP системасы трансплантациядан кийинки оор татаалдашууларды, анын ичинде «трансплантат кожоюнга каршы» реакциясын (GVHD) дарылоодо колдонулат.
Муну менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда өзөк клеткаларын чогултуудан тартып трансплантация жүргүзүүгө жана андан кийинки татаалдашууларды дарылоого чейинки толук трансплантациялык жардамды түзүү иштери уланууда.