www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каир менен Москва БРИКС боюнча алдын ала талкууларды өткөрүштү жана жакын арада кененирээк талкуулоону пландаштырууда. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Египеттин Россия Федерациясындагы элчиси Назих Нагари билдиргенин жазып чыкты.

"Биз Москвада бул маселе боюнча алдын ала сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Биз жакында кеңири талкууларга даярданып жатабыз", - деди ал, Египет БРИКСтин жаңы мүчөсү катары Россия Федерациясы менен консультацияларды баштадыбы деген суроого жооп берип жатып.

Белгилей кетсек, БРИКСтин XV саммити 22-24-августта Йоханнесбургда Түштүк Африканын төрагалыгы алдында өткөн. Саммиттин катышуучулары 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга Аргентина, Египет, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабия жана Эфиопия кирээрин макулдашты. Кийинки саммитке ассоциациянын мүмкүн болуучу мүчөлөрүнүн жаңы тизмеси даярдалат.

Египеттин тышкы иштер министри Самех Шукри БУУнун Башкы ассамблеясынын Нью-Йорктогу 78-сессиясынын трибунасынан сүйлөп жатып, Египет бийлиги БРИКС тобунун ишине жигердүү катышуу ниетин билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости