www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египетте президенттик шайлоо декабрда өтөт

Египетте президенттик шайлоо декабрда өтөөрүн Улуттук шайлоо комиссиясы 25-сентябрдагы маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Комиссиянын жетекчиси Валид Хамзанын айтымында, президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү процедурасы 5-октябрдан тарта башталат. Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 10, 11 жана 12-декабрда өтөт. Египеттин сыртында добуш берүү 1-3-декабрда өтөт.

Шайлоонун жеңүүчүсү 18-декабрда белгилүү болорун шайлоо комиссиясы кабарлап, эгер экинчи тур өткөрүлсө, акыркы жыйынтык 16-январда чыгарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости