www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Өзбекстан “Кемпир Абад” суу сактагычынан ичүүчү сууну Фергана шаарына тартып баштоону пландап жатканы боюнча “Кабар” маалымат агенттигине адаттагыдай маегин берди.

Бул тууралуу: ”Кемпир-Абад” мурда Кыргызстанга карачу” деп элдин башын айландырганга аракет кылышыптыр. Булар оңолбойт экен да. Же артында турган кожоюндары катуу буйрук берип жатышабы деп ойлойм. Аларга Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда будуң-чаң болуп турганы эмне пайда билбейм. Бул сөзү менен кыргыз-өзбек кылып чабыштыралы деген “Азаттыктын” арам ою оркойуп көрүнүп турат”, – деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчысы андан ары: “Биз, Кыргызстан тарап “Кемпир-Абад” суу сактагычындагы суудан болгону 10 пайыздын тегереги пайдаланабыз. Калган суунун баары 100 жылдан бери Өзбекстанга агып кирип кетет. Дагы 100 жыл агат. Эмне үчүн теңме-тең башкарууга кирдик? Бул биз үчүн чоң жеңиш. Биринчиден, 900-горизонттон ашпасын көзөмөлдөйбүз. Биздин кургак жерлерибизди суу басып кетпеш керек. Экинчиден, биздин плотинадан ылдый турган айылдарга сугат мезгилинде жетиштүү суу алып турушубуз керек. 

“Кемпир-Абаддан” Барпы айыл аймагынан 1 741 кожолук, Таш-Булак айыл аймагынан 110 кожолук, Ырыс айыл аймагынан 950 кожолук, Сузак айыл аймагынан 300 кожолук жалпысы болуп 3 101 кожолук 3 848 га жер аянтын сугат суусу менен камсыз болуп турат. Калган суу түптүз эле Өзбекстанга агып кетет.

Өзбек тарапка кетип аткан сууну өзбек тарап арык менен алып кетеби, түтүк менен алып кетеби же асман менен алып кетеби кайсы айырмасы бар? Ар бир кыймыл аракетти эки тарап макулдашып жасап турабыз. Мындан ары кыргыз-өзбек достугу бекем болот. Бир Кудайдан башка эч ким буза албайт. Ошол үчүн Кудайдан тынчтыкты көп-көп суранып турушубуз керек. “Азаттык” сыяктуу чагымчыл маалымат каражаттарынын провакациясына алдырбаш керек”, – деп билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости