www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Екатеринбургда террорчулук, курал-жарак сактоо жана жардыруучу заттарды даярдоо боюнча айыпталган тажикстандык жарандын иши сотко өттү.

30 жаштагы Бехруз Ганиев менен дагы эки айыпталуучу Хамид Датаев жана Артем Ватрюнун иши боюнча тергөө 2020-жылдан бери уланып келет. Кармалгандар жана алардын жакындары кылмыш иштерин жасалма деп эсептешет. "Саясий туткундарды колдоо. "Мемориал" долбоору үчөөнү саясий туткун катары тааныган.

Бехруз Ганиевдин апасы Файзинисо Ганиева 26-сентябрда "Озоди" радиосуна уулунун соту Екатеринбург шаарындагы сотто 5-октябрда башталарын айтты.

2020-жылы апрелде Ханты-Манси автономиялуу округуна караштуу Лянтор шаарында полициячылар Бехруз Ганиевди, Хамид Датаевди жана Артем Ватрюну кармап, аларга курал-жарак жана жардыргыч заттарды сактоо, жардыргыч заттарды жасоо боюнча айып тагышкан. Айыпталуучулар куралдар менен жардыруучу заттарды аларга атайын таштап коюшканын билдиришкен.

Ошол эле жылы декабрда коюлган айыптар боюнча камакта кармоонун максималдуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен бошотулушкан. Көп өтпөй аларга террорчулук боюнча жаңы айып тагылып, баары кайра камалган.

Муну менен катар үчөө тең Лянтор шаарындагы мечитти жардырууну жана имамды өлтүрүүнү пландаган деп күнөөлөнүүдө.

Тажикстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугу Бехруз Ганиевдин иши боюнча эч ким байланышпаганын билдирди.

"Эгер жазуу жүзүндөгү кайрылуу болсо, сөзсүз түрдө Душанбеге кароого жөнөтөбүз", — деди консулдуктун кызматкерлеринин бири.

2013-жылдан бери орусиялык басылмалар тажик жарандары терроризм жана экстремизмге шектелип кармалганын байма-бай жазып келишет. Алардын айрымдары коопсуздук күчтөрүнүн атайын операциясы учурунда жок кылынганы кабарланган. Укук коргоочулар жана каза болгондор менен кармалгандардын жакындары аларга карата козголгон иштер ойдон чыгарылганын айтып келишет.

Последние новости