www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы маалыматтар боюнча, Тоолуу Карабах аймагынан Арменияга 19 миң тургун көчүп келди.
Алардын эки жарым миңден ашыгы турак-жай менен камсыз болду. Бул тууралуу Армения өкмөтү билдирди. 26-сентябрь күнү эртең менен облустун 13 миң 500 тургуну чыгып кеткени кабарланган.
Карабактан чыккандардын көбү Армениянын Азербайжан менен чектеш Сюник аймагындагы Горис шаарына токтошууда. Ал жерде Качкындарды кабыл алуу борбору ачылды.
Дүйшөмбү күнү Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабактагы армяндардын коопсуздугу сакталарын билдирген. Анын алдында жикчил топтун лидерлери Карабахтагы армяндар коопсуздугунан чоочулап жер которуп кетип жатканын айтышкан.
19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабахтын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт.
Булак: NazarNews.kg