www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулгандан кийин ордуна "эки ката эч нерсе эмес" деген Гүлмира Кудайбердиеванын талапкерлиги жашыруун айтыла баштады. 

Убагында Гүлмира Кудайбердиева Билим берүү министри болуп кыйратып деле иштеген эмес. Эми кыңкылдап, министрликке кайрадан баш багып жатканы эмнеси? Же кыргыз эли, келечектеги жаштардын тагдыры жогорку жактагыларга баары-бирби? Так ушул Кудайбердиева министр болуп турганда окуучулардын китеби Индиядан толтура каталар менен басылып келип, жабылуу аяк жабылуу боюнча калбады беле? 

Анчалык Ак үй тарап жакшы кадр таба албай жатса, Каныбек Осмоналиевди минстрликке алып келсе мыкты иштеп бермек. 

Белгилей кетсек, буга чейин Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулган.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. "Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалганы айтылып, видеосу да жарыяланган. ИИМ ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалаган.

30-сентябрда Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, аны эки айга камакка алуу чечими чыккан. Бейшеналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости