www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Уланбек Мамбетакуновдун талапкерлиги Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Белгилей кетсек, Алмазбек Бейшеналиев билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулган.
Эске салсак, буга чейин министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалганы айтылып, видеосу да жарыяланган. ИИМ ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалаган.
30-сентябрда Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, аны эки айга камакка алуу чечими чыккан. Бейшеналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилген.
Булак: NazarNews.kg