www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги кайра түзүлүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында ушул агенттикте иштеп, пенсияга чыккан жарандар билдиришти.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ардагери Пайзидин Кыпчакбаев экологиялык маселелер глобалдуу көйгөй болуп турган кезде агенттиктин министрликтерге биригип кетиши туура эмес иш экенин айтты.

«Токой чарба тармагында 17 жыл, экология тармагында 13 жыл иштедим. Ушул тармакта жалпы 30 жыл иштедим. Азыркы дүйнөдөгү экологиялык маселелерди көп. Экология менен токой чарбаны министрликтерге кошуп коюу катастрофа деп ойлойм. Экология ӨКМге кошулду. Ал чоң министрлик. Анын ишин алып кете албайт болушу керек. Токой чарба Айыл чарба министрлигине кошулду. Эми бул тармактарды алып кетүү кыйын болуш керек. Ошондуктан Токой чарба менен экологияны бириктирип, бир агенттик эле болгону туура - деди Кыпчакбаев.

Дагы бир ардагер Маметжума Каракозуев Токой чарбасы өзүнчө агенттик болуп түзүлүп, ыйгарым укуктары кеңейтилүүсү керек деген пикирди билдирди.

«Бул агенттикти эки министрликке кошууга болбойт. Агенттиктин милдеттерин министрликтер кантип аткарат? Баарынын иши көп. Бул абдан керектүү агенттик. Андыктан бул агенттикти бирөөнүн курамына кошуу деги эле туура эмес. Ошондуктан агенттикти өзүнчө түзүп, ыйгарым укуктары кеңейтилиши керек», - деди Каракозуев.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде иштеп жатканын айткан Паашакан Камбаралиева Токой чарба агенттиги өзүнчө болуп, аны Динара Кутманова башкарса жакшы болорун, агенттиктин иштери алдыга жыларын кошумчалаган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости