www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика министрлигинин кызматкери депутаттарды күлкүгө салды.
Депутат Адахан Мадумаров Экономика жана коммерция министринин орун басары Чыңгыз Макешовдон Бишкекте канча суу сактагыч бар экенин сурады. Макешов жооп берүүдөн кыйналды. Эл өкүлү министрдин орун басарынын жардамчысын тактоону талап кылды.
Жардамчы "суу сактоочу жай бар. Жок дегенде бирөө бар" деп жооп берди. Бул жоопко депутаттар күлүп жиберишти.
Мадумаров суу сактоочу жайлардын коопсуздугун ким камсыздайт деп сурады. Кызматкер коопсуздукту УКМКнын жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери камсыздаган деп жооп кайтарды.
Депутатты жооп канааттандырды. Жетекчилик кызматка аялдарды коюу керектигин айтты.
“Алар көптү билишет”,- деди Мадумаров.
Булак: NazarNews.kg