www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз бийлик, байлык талашпайбыз, биз мекенибиздин бүтүндүгүн, кыргыз элинин жана өзүбүздүн намысыбызды талашып, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн күрөшөбүз! Мындай пикирин камактагы саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди.

"Урматтуу момун мусулмандар!

Бардыңыздарды ыйык Орозо майрамыбыз менен жалпы Кемпир-Абадчылардын атынан куттуктайм!

Жараткан жалгыз Кудай элибизге ынтымак, ден-соолук, жерибизге тынчтык, коомубузга ыймандуулук, Кыргызстаныбызга өнүгүү, бийликтегилерге ынсап берсин!

Ар бир момун мусулмандын жан дүйнөсүнө жакшылыктын, ыймандын нуру толсун. Үйлөрүнө бакыт кушу консун!

Урматтуу мекендештер!

Биз мыйзамсыз камалышкан Кемпир-Абадчылар ыйык Рамазан айынын башында Президенттин ынтымакка, биримдикке, диалогго чакырган саясатына жооп кылып, биздин үстүбүздөн саясий буйрук менен козголгон кылмыш ишти саясий-сүйлөшүү жолу менен чечүүгө кол сунуп, мен аксакалдык кылганымды билесиздер.

Орозо айы ичинде бийлик тарабынан камакта кармоого медицина жол бербегендерге жана айрым аялдарга гана “гумандуулук” болуп, үй камагына чыгарылды. Ошол эле учурда аялдардан Рита Карасартовага, ооруп больницада жаткан И.Шаменовго “гумандуулук” болбоду.
Калган камактагы Кемпир-Абадчылардын камакта камоо мөөнөттөрү жабык эшик артында, кадыр түн алдында, 17-апрелде сегиз айга узартылды.
Башкы прокурордун, айрым чиновниктердин, депутаттардын оозу менен Жогорку Кеңеште биз “Кемпир-Абадчы” эмес, “төңкөрүшчү”, “козголоңчу” ж.б. деп аталдык.

Ошол эле учурда бизге андай кылмыш менен айып коюлмак тургай, акыркы 3 айда таптакыр тергөө аракеттери жүрбөгөндүгүн расмий билдире кетейин. Биз жөн гана кармалып отурабыз.

Ыйык Рамазан айында Президентибизден биздин кайрылуубузга башка жооп болбогондуктан, анын ынтымакка, биримдикке чакырган, “сүйлөшүүгө барам” деген саясаты колдору кан, соттолгон, качкын президенттерди гана легалдаштыруу үчүн эле айтылган кезектеги жел сөз экенине ишенбөөгө арга жок.
Болбосо, биздин Кемпир-Абаддын Өзбектанга берилиши боюнча ачык айткан ой-пикирибиз кантип эле кыргыз жерин, кен-байлыктарын “сатышкан”, элин атышкан “экс-президенттердин” кылмышынан өткөн оор кылмыш болсун?!

Ушундай жагдайларда биз, Кемпир-Абадчылар КР Конституциясы менен мыйзамдарында бекитилген укуктарыбыздан пайдаланып, бийлик тарабынан өзүбүзгө жана жакындарыбызга атайылап, карасанатайлык менен келтирилип жаткан психологиялык, моралдык жана физикалык кыйноолорго, басмырлоолорго, шылдыңдоолорго, түпкүлүгүндө мамлекеттик машинанын күчү менен бизди сындыруу, соттотуу багытында жүргүзүлүп жаткан саясатына каршы туруу, коргонуу максатында, өзүбүздүн арабыздагы 14 (он төрт) адамдан турган Кемпир-Абадчылардын координациялык жумушчу уюмун түзгөнүбүздү билдиремин.

Бир караган адамга бул уюм чет өлкөдө уюштурган мурдагы жана азыркы президенттердин түзүшкөн бирикмесине окшош же ага альтернатива уюмдай сезилет. Бирок андай эмес. Президенттердин бирикмеси чет өлкөдөгү эң кымбат жайда, кенен жайылган дастаркондо, атайын кызмат кайтарган шартта түзүлгөн.

Максаттары 30 жыл ичиндеги Кыргыз элине жасашкан өздөрүнүн кылмыштарын мындан ары чукушпай жаап-жашыруу, чогуу “бир муштум” болуп аны улантуу болгон.

Кемпир-Абадчылардын координациялык жумушчу уюму Кыргызстандын №1–СИЗОсунда, эркиндиги чектелген, эң оор шартта аргасыз түзүлдү. Мындай уюмдун, ушундай шарттарда түзүлүшү адамзаттын тарыхында сейрек кездешет. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат.
Кемпир-Абадчылардан түзүлглн бул уюмдун максаттары бийлик айткандай “төңкөрүш” жасоо эмес, Кемпир-Абадчылардын бузулуп жаткан укуктарын калыбына келтирүү, бийликтин өзүм билемдик зомбулуктарына бирге каршы туруу, эркиндикке чыгуу, мыйзамсыз козголгон кылмыш иштин кыскартылышына же актоо өкүмүнүн чыгарылышына жетишүү болуп эсептелет.

Ал үчүн КР Конституциясы менен мыйзамдары жол берген саясий-күрөштөрдүн бардык ыкмаларын, түрлөрүн колдонобуз.
Биз бийлик, байлык талашпайбыз, биз мекенибиздин бүтүндүгүн, кыргыз элинин жана өзүбүздүн намысыбызды талашып, мыйзамдуулук, адилеттүүлүк үчүн күрөшөбүз!

Буюрса, Кудай өзү колдосо биз ага сөзсүз жетишебиз. Анткени мыйзам, адилеттүүлүк биз тарапта!", - деди Бекназаров.
 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости