www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин Ооганстанга белгилүү өлчөмдө эгин берүү чечимин жактырды. Бул тууралуу РФ лидеринин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, ТИМдин Азия департаментинин экинчи директору Замир Кабулов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Ведомстволор аралык комиссия Ооганстандагы ишинин жыйынтыгы боюнча президентке маалымат берди. Владимир Владимирович Орусияда мол түшүм алуу күтүлүп жатканын эске алуу менен эгин берүүгө макулдук берди. Жардамдын көлөмү Орусия өкмөтү тарабынан конкреттүү кырдаалга карап аныкталат", — деди Кабулов.
Анын айтымында, Ооганстандагы экономикалык кырдаал олуттуу, бул жайда начарлап кетиши мүмкүн. Себеби былтыр кышта кар аз жааганына байланыштуу түшүм жакшы жыйналган эмес.
Ошондой эле Кабулов айрым божомолдор боюнча Ооганстан эгиндин кадимки көлөмүнөн 30 пайызга чейин албай калышы мүмкүндүгүн билдирди. Өлкөдө жылына дан эгиндери эки жолу алынат, биринчи түшүм жыйналгандан кийин кырдаал айкын болору белгиленген.
Булак: NazarNews.kg