www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Түркстан облусундагы Отырар райондук полициясы өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн 51 чет өлкөлүк жаранды аныктады. Бул тууралуу Түркстан облустук полиция департаменти кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, чет өлкөлүктөр Караконыр айыл аймагынын талааларында дарылык касиетке ээ чайыр (ферула) чөбүн терип жүрүшкөн. Алардын 31и Өзбекстандын, 17си Тажикстандын жарандары болушкан.
Кармалгандарга карата "Чет өлкөлүктүн же жарандыгы жок адамдын Казакстан Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуусу" беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлүп, соттун чечими менен өз мекендерине депортацияланышты
Булак: NazarNews.kg