www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Шайлоолордо Атамбаевге жан тартып: “Атамбаевге каршы сүйлөгөндөр эл душманы” деп келген, Атамбаевдин жеке көтөрмөлөөсү менен биринчи вице-премьер, ЖК депутаты болуп келген Аалы Карашев ич күйдүүлүктөн ЕАЭБге кошулганыбызды сындай баштады. Эмнеге сындайт, “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегендей, анын атасы Акаевдин “дүжүр чалы” Азим Карашев көчөдө кетип бараткан адамды тебелеп кеткени үчүн жаза тартмак түгүл кирпик кашын ирмеген жок. Айтылуу “дүжүр кемпир” Чолпон Баекова менен кудалашып Тогуз-Торонун алтынынын акчасына Бишкектин Исанов көчөсүнө хансарайларды салганы элдин эсинен чыга элек.

 Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Аалы Карашев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусунун натыйжаларына токтолду. Депутат өлкөбүздүн Евразиялык экономикалык бирлигине кошулганына 4 жылдын жүзү болгонун айтып, мындан улам акыркы 8 айдын жыйынтыгы боюнча талдоо жүргүзгөндүгүн ортого салды.

Анын билдиришинче, 8 айдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экспорту төмөндөп кеткен. Республика боюнча өнөр-жайдын флагманы болгон кийим тигүү тармагында экспорт 60%га азайып кеткен. Ал эми сыртта жүргөн мигранттарыбыздын акча которуусу 10%га азайган.

Ошондой эле эл өкүлү КР Өкмөтү тарабынан «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдын алкагында көзгө көрүнөрлүк иш болбогондугун, фискализация, маркировка жана башка жаӊычыл иш-аракеттер 2-планга калып жатканын сынга алды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости