www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бул тууралуу тойдун күбөсү, аксылык аксакалдардын бири Баялы Саркулов бүгүн, 23-октябрда соцтармактагы баракчасына жазды.
Төмөндө пикирди толугу менен беребиз:
- Бир кезде "Курманжан датка" деген ылакап атка ээ болгон чыныгы коммунист, акыйкаттык, чындык, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү үчүн зор эмгекти жумшаган Аксы окуясы боюнча эл менен кошо ыйлап, сыздап чындык үчүн күрөшкөн Авлетина Проненко эжекебизди бүгүн көптөр унутуп калды. Кечээ, Азимбек Бекназаров көкүрөк күчүгү Токтогулдун үйлөнүү үлпөтүнө чакырыптыр. Көрсө, жөн чакырбаптыр ... Ошол кездеги темирдей кайраттуу айым карылыкка моюн сунуп, Кыргызстандан биротоло кетип жатыптыр. Бул тойго ошол кездеги саясий үзөңгүлөштөрү жана ага "Датка" наамын ыйгарып, ак элечек кийгизген аксылык энелерден кечирим сурап, коштошуу үчүн келиптир. Куру келбей ошол учурдан баштап той мааракелерде башынан түшүрбөй кийип жүргөн ак элечеги менен кыргыз чапанын адаттагыдай кийинип албай аспиеттеп ороп, сактап ала келиптир. Табиятынан жоопкерчиликтүү, акыйкаттыкты туу туткан адам экенин дагы бир жолу далилдеп, сөз кезеги келгенде ошол аксылык энелерден алган таберик белегин алып чыгып, буркурап ыйлап:
- Мен силердин бул белегиңерге татыктуу эмес экенмин, муну өзүм менен кошо ала кетүүгө эрким жетпейт. Бул ыйык элечек менден да күчтүү, кайраттуу, эмгекчил аял затына таандык! Ошондуктан макул болсоңор, ошондой аялзаты болсо, мен ушул элечекти ырымдап берип кетейин деп чечтим. Каршы болбогула, бул менин терең ойлонуп, кабыл алган чечимим!, - деп тойго келген элдин баарын күтүүсүз сунушу менен ойго салды...
Балким дагы көп сүйлөмөк. Дароо эле элечекке талапкерлердин ысымдарын айтып жибергендер да болду. Бирок, Азике өзү демилгени колго алып, ошол эле талапкерликке сунушталгандардын бири, экс-депутат Бөдөш Мамырова экөө тең Темир айымдын сунушуна ыраазычылык билдиришти да:
- Бул ак элечек Сизге гана таандык! Буга татыктуу экениңизди сиз ошондо эле далилдегенсиз. Ошондуктан бул элечекти сиз гана кийишиңиз керек!", - дешип, түйүнчөктө оролгон ак элечек менен кыргыз чепкенин кайрадан экөөлөп кийгизишти...
Булак: NazarNews.kg