www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министри Каныбек Исаков ата-энелерден акча чогултпоо тууралуу буйрук чыгарган. Бул мактай турган  жакшы көрүнүш, чындыгы билим берүү акысыз болгон соң ата-энелерден акча чогултпоо керек. Бүгүн болсо министр Каныбек Исаков окуучуларды ысык тамак менен камсыз кылуу боюнча мыйзам долбоорун колдой баштады. Мыйзам долбоорунда ата-энелердин чөнтөгүнө кайрадан кол сала турган жоболор бар, азыр аны мыйзамдаштыргысы келип жатат. Эмне Каныбек Исаков кечээ эле өзү кол койгон буйругуна өзү каршы чыгып жатабы? Бүгүн мамлекеттик бюджеттен окуучулардын тамактануусуна бөлүнчү 7 сомго кандай ысык тамак келиши мүмкүн? 7 сомго ысык тамак келет деген ушул күндө туурабы? Министрлик бөлө турган 7 сомго көчөдө жей турган жеңил тамак-аштын жарымысы да келбейт. Бирок мектеп жетекчилеринин, билим берүү органдарынын курсагын тойгузат. Өкмөт ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, эгер окуучуларга тамак-аш бере турган болсо, тамак-ашка бөлүнө турган каражаттын өлчөмүн көбөйтүшү керек. Ансыз бул маселенин чечилиши кыйын. “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо жүрүшүндө депутаттар бул мыйзам долбооруна каршы чыгышты.

«Мен деле бул мыйзам долбооруна каршы эмесмин, бирок анын ушул бойдон кабыл алынышына каршымын. Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуучу мыйзам бул”. Мына ушундай пикирин депутат Улукбек Ормонов парламентин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында айтып чыкты.

- Негизи керектүү мыйзам, бирок эртең мектепке барган балага айтышат, төккүн деп. Ушул нерсени алып келип азыр мына министр баш болуп мыйзамдаштырып жатасыңар. Өзүңөрдүн чыгарган буйругуңарга каршы келип жатат”, - деп Ормонов нааразы болду.

Муну менен депутат мектептерде ар кандай акча чогултууларды мыйзамдаштыруу аракети көрүлүп жатканын белгиледи. Айтымында, мыйзам долбоорго экинчи окууда эле каршылыгын билдирген.

Белгилей кетсек бүгүн депутаттар жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө мыйзам долбоорду үчүнчү окууда карашты. Бул мыйзам долбоорунун пункттарында мектеп фонду жөнүндө да айтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости