www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги КыСыДыПы фракциясынын келерки тагдыры тайкы болуп турган чак. Анын кадыр-баркы мурдагы өлкө башчы Атамбаев менен бирге күм-жам болгон. Мындан улам анын курамына кирген айрым жанбакты депутаттар кантип жаңы бийликке жагынып, анын партиясына кирүүнү ойлоп жатышат. Эми болсо, бийликке тиешелүү жаңы партия пайда болуптур, аны ушул эле депутаттар сатып алыптыр деген сөздөр жүрүүдө.

Ал партия учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосундагы “Биримдик” деп аталары белгилүү болду. Бул ойлонулган демилгенин автору Төрөбай Зулпукаров болсо, анын катарын Марат Аманкулов, Исхак Пирматов толуктаган. Азырынча, КСДП фракциясынын мурдагы жетекчилери көлөкөдө турушат. Эми алардын деле “Биримдикке” биригүү ниети белгилүү да. Анткен менен табиттери “айгырдай”, куулугу куу түлкүдөн ашкан учурдагы социал-демократтардын курамы “оптом” жаңы партияга кирип кетсе кандай болот экен. Анткени мандатка жетүү үчүн Атамбаев менен шилекей алышкандар бул ирет деле ошол максатты көздөп Жээнбековко пахта коюп жатышат. Аягы кандай болор экен?!

Ачык булактардагы маалымат боюнча, «Биримдик» партиясы мурда депутат Айнуру Алтыбаевага таандык болгон. Бирок, учурда ал өзү аталган партиянын жаңы тизмесине кирген эмес.

Айтмакчы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковго таандык, «Биримдик - Единство» деген үндөш партиясы дагы бар. Анткен менен азырынча бул адамдын дагы бийликчил партиянын тизмесинде аты атала элек.

Дегинкиси кызыктардын баары али алдыда. Бул боюнча баардык кырдаалдарга кулак түрүп, көз салып турабыз. Азыркы депутаттардын кимиси кандай секирик жасай алат байкайлы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости