www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 4-сентябрда Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулду.

Буга чейин Гүлмира Кудайбердиева билим тармагында бир нече мүчүлүштүктөрдү кетирип, коомчулуктун сынына кабылып келген.

Мына ушул билим, илим тармагына кандай реформалар зарыл экенин адистерден сурап көрдүк. Бул жолу биз мурунку билим берүү министри Каныбек Осмоналиевге суроо узаттык.

- Каныбек агай, билим берүүнүн сапаты начар экенин кыргыз коомчулугу кан какшап айтып келет. Бирок, канчалык сын айтылган сайын оңолуунун ордуна тетири кетип жаткандай. Айтыңызчы кандай реформаларга барышыбыз керек?

- Билим берүү системасы кризистин эң оор формасын башынан кечирип жатат. 2010-жылдан бери улам-улам оорлоп олтурду. Олуттуу жаратмандык иштер жасалган жок. Бардык аракеттер бизнес жолуна түшүп кетти. Билим берүү тармагын акча жасоо менен алмаштырып алышты. Окуу китептери, мектеп курулуштарына байланыштуу иштер кандай гана ызы-чуу менен коштолуп жатат? Реформа кылуу эч кимдин оюна деле келген жок. Дилетант, утурумдук бийлик өтөмөй менен эле алек болушту. Абдан оор мурас калды. Мындан ары өтө көп күч менен оңдоо керек болуп турат!

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости