www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир убакта Бишкек мэри Нариман Түлеев кытайлыктарга эстелик курам деп, түнү менен бузуп, жоготкон. Көктөмдун ала шалбыртында көктөгөн чор тамандардын Чоротегин чоорун тартып жүрөт. Президенттердин ата-тегин иликтеп, жок болсо ата-бабасын таап, же кытайлыктарга жагынып Ли-Бонун эстелигин Кыргызстанга курабыз деген кээ бир ата-теги кул, өзү акчанын кулу болгон тарыхчылардан айырмаланып накта манаптын тукуму. Ошол үчүн ала шалбыртта баштаган туулган күнү Казынын Чокосу той бергендей бүтпөй келатат. “Мурас” фондусун менчиктеп алгандай кээ бир жарма тарыхчылар жоктон тапкансып мурунку фактыларды азыркы бийликке жамап, эптеп оокат кылганы менен жакшы идеяларды айтып жатат. Чоротегиндин туулган күнүн эл аралык деңгээлде өткөзүп, “Мурас” фондусу бюджеттин эсебинен акча бөлүш керек дешет.

Чоротегин ошого татыктуу, анткени ал эркектин уругун сээп койсо, бала өнүп чыккан Он-Арчада туулган. Бюджеттин эсебинен ансыз деле “Мурас” фондусу кытайлык акын Ли Бого эстелик тургузуп, бул жер илгери кытайдыкы болгон деп Бээжинге кызмат кылган жатпайбы. Ооба, расмий 3000 жыл кыргыз Кытайдын кошунасы болуп келатат. Ли Бонун убагында азыркы жерибизди Кытай Каспийге чейин басып алып, Ли Бо Токмокто туулган. Азыркы Кытай шовинисттери Каспийге чейин өз жерлериндей көрүп келатат. Эгер биз Ли Бого Кыргызстанда эстелик орнотсок, тигине Кыргызстан Ли Бого эстелик курду, демек Кыргызстандын аймагы биздин жер экенин мойнуна алышты деп чыгат.Ошол үчүн Ли Бого эстелик куруу, бул кыргыздарга кара санатайлык,чыккынчылык кылуу. Албетте, чор тамандардын чоорун тарткан Чоротегиндин эстелик куруу тууралуу оюу жок, бирок ким президент болсо ата-тегин шимшилеп издегендерге бары бир эмеспи?

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости