www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин ден соолугуна байланыштуу бошотуу арызын караган Тбилиси шаардык сотунун үчүнчү отуруму кечээ, 9-январда аяктап, кийинки отурум 11-январга белгиленди. Бул тууралуу Грузиянын "Интерпрессньюс" агенттиги билдирди.
Жыйындын соңунда Саакашвилинин жактоочусу Шалва Хачапуридзе процессте көп сандаган күбөлөр суралышы керектигин жана Саакашвилинин абалы оор болгондуктан, отурумдар күн сайын болуп турууну өтүндү. Бирок судья Георгий Аревадзе күн сайын сот отурумун өткөрүүгө физикалык жактан мүмкүнчүлүгү жок экенин айтып, бул өтүнүчтү четке какты.
Америкалык невропатолог Шахин Эммануэль Лахан 9-январда өткөн сот отурумунда видеобайланыш аркылуу көрсөтмө берди. Ал башка эксперттердин Саакашвилинин абалы оор жана ага квалификациялуу жардам керек деген сөздөрүн тастыктады. Лакхан экс-президенттин акыл-эсинин артта калганына көңүл буруп, Саакашвили бир нече жолу эсин жоготуп койгонун, бул эпилепсия оорусунун белгиси болушу мүмкүн экенин айтты.
Саакашвили өзү сот ишине катышпайт. "Вивамед" клиникасынын директору Зураб Чхайдзе экс-президент ден соолугуна байланыштуу сотко келе албасын түшүндүрдү. Чхайдзенин айтымында, бул ага кошумча физикалык жана психикалык жүк болот. Сот имаратынын жанында жолугушууга катарлаш Саакашвилинин тарапкерлери аны бошотуу талабы менен акция өткөрүштү.
Буга чейин "Эмпатия" бейөкмөт уюмунун эксперттери Саакашвилинин денесинде оор металлдардын, анын ичинде сымаптын издерин табышкан. Алардын айтымында, саясатчыга эркинен ажыратуу менен туура келбеген он диагноз коюлган. Грузиянын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу атайын кызматы Саакашвилиден алынган анализдер уулуу заттардын жок экенин көрсөткөнүн билдирди.
Саакашвили Грузияга 2021-жылдын октябрындагы муниципалдык шайлоого бир күн калганда жашыруун кирип, андан кийин камакка алынып, Рустави шаарындагы түрмөгө камалган. Ал өзүн саясий туткун деп атап, ачкачылык жарыялады. Экс-президенттин ден соолугу начарлап кеткенден кийин абак ооруканасына, кийинчерээк аскердик госпиталга которулган. 2021-жылдын декабрында Саакашвили жазасын Рустави абагында өтөөнү уланткан, бирок май айында ал Тбилисидеги жеке менчик "Вивамед" клиникасына которулуп, ушул күнгө чейин ал жакта. Экс-президент абакта катуу ооруп жатканын бир нече жолу билдирген.
Булак: NazarNews.kg