www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган кыйын Ковид - 19 процессинен кийин Россия -  Украина  согушу алып келген экономикалык кыйынчылыктар менен күрөшүп жатканын, Түркиянын күчтүү саламаттыкты сактоо жана өндүрүштүк инфраструктурасы менен ийгиликтүү чыккандыгын айтты.

Президент Эрдоган борбор шаар Анкарада ишкана ээлери менен жолугушту. Бул жерде глобалдык эпидемия жана Россия - Украина согушунан улам азык-түлүк жана энергетика өткөрүүдөгү кыйынчылыктардын жанында дүйнөнүн акыркы 60 – 70 жылдын эң жогорку инфляция менен күрөшүп жаткандыгын баса белгилеген Эрдоган Түркиянын күчтүү саламатыкты сактоо системасы жана өндүрүш инфраструктурасы менен бул процесстен  ийгиликтүү чыккандыгын айтты.

Эрдоган: «Инвестиция, жумуш менен камсыз кылуу, өндүрүш жана күндөлүк операциялар эсебинин профицитинин эсебинен өлкөбүздү өстүрүү негизине таянган  экономикалык программабызды чечкиндүүлүк менен ишке ашырдык. Дүйнөдө рецессия жана кичирейүү жөнүндө сөз болуп жаткан учурда биз 2021-жылы 11,4 пайыз, 2022-жылдын биринчи 3 кварталында 6,2 пайыз өсүүгө жетиштик. Жумуш менен камсыз кылууда 31,5 миллион менен тарыхыбыздын эң эогорку деңгээлине жеттик. Экспортубуз 254,2 миллиард доллар менен республика тарыхынын рекордуна жетиштик. Энергетикада Кара деңиз газынан жаңы нефть скважиналарына, күн жана шамал станцияларына чейин бардык тармакта абдан чоң бурулуштун ичиндебиз»,- деп билдирди президент.

Последние новости