www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-спикер Жумабеков кайрадан депутат болобу?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурунку Төрагасы Дастанбек Жумабеков "Кыргызстан" партиясына батпай Таластан өз алдынча депутаттыкка койду. Ал учурунда Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну кабыл алган. АКШнын Өкмөтүнө жана элине ыраазычылык билдирген Дастанбек Жумабеков: “АКШ өлкөбүздүн демократиялык негиздерин курууга зор салым кошту. Демократиялык баалуулуктарды өнүктүрүү багытында АКШнын Конгресси менен тыгыз алакада болуу биз үчүн өтө маанилүү ”, – деген. Мындан сырткары жолугушууда кыргыз жарандары үчүн АКШда виза берүү маселесин жеңилдетүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сүйлөшүүлөр болгон.

Спикер менен элчи АКШда виза берүү маселесин жеңилдетүү боюнча сүйлөшкөн соң эмнеге Дональд Трамп АКШга визага тыюу салынчу мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстанды да кошуп койгон. Ошол учурда бул кабар АКШнын жергиликтүү жана дүйнөлүк ММКларында кенен тарап, «дуу» эле болуп калган. “Азаттыкка” окшогон АКШ Конгрессинин май –талканын ашап-көнүп алган үн алгылар кол чаап мындай кабарды тосуп алышкан. Эмне бул да “Азаттыктын” өз мекени Кыргызстанга болгон кыянатчылыгыбы? «АКШ Жээнбековдун бийлигине нааразы экен» уу-дуу болгонбуз. АКШ таңуулап жаткан келишимдер менен ишибиз жок.

Мейли, биздин мамлекет Венесуэла катары каралып калганы, бул АКШнын «ким биз менен болбосо, алар бизге каршы» деген көз карашын карманганы болуп жүрбөсүн? Анда эмнеге элчи менен спикер виза берүү маселесин жеңилдетүү маселесин сүйлөшөт. Көрсө, спикер элдин эмес өзүнүн гана жан айласын таппай жаткан экен.

Кайсы депутаттар АКШдан 5 жылдык виза алган?

Парламенттин 120 депутаттынын ичинде 15 депутаттын АКШ берген беш жылдык визасы бар, кыргызча айтканда каалаган күнү АКШ мамлекетине кире качса болот:

1. Биринчи орунда СДПК фракциясы турат. СДПКда беш адамдын АКШга беш жылдык визасы бар: Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева, Аида Касмалиева, Азамат Арапбаев, Жанар Акаев.

2. АКШтын беш жылдык визасын алгандар боюнча экинчи орунда “Кыргызстан” фракциясы турат: Дастанбек Жумабеков, Алмазбек Баатырбеков, Талайбек Масабиров.

3. “Бир бол” фракциясынан фракция жетекчиси Алтынбек Сулайманов баш болуп, Исхак Пирматов төш болуп кошулган. Качып жүргөн Аскар Шадиев да бар.

4. “Манастан Чубак кем бекен?” деген принцип менен “Ата-Мекен” фракциясы алган: Атамбаевге “Кыргыз Эл Баатырын” бергиси келген Сайдулла Нышанов менен Бахадыр Сулайманов.

5. Бабанов жетектеп келген “Республика-Ата-Журт” фракциясынан Динара Исаева.

6. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан Тынчтык Шайназаров.

Эми буларга бирден токтоло кетели, анткени булар Батыш менен кандайдыр жип менен байланган. Балким, аларга “ышпыйон” болуп сөз тыңшап иштеп жүргөндүр:

 Элвира Сурабалдиева

Улуу Британиянын Бристол университетинин “Эл аралык мамилелер” адистигин алган, англисче шыр билет. Чет элдик өкүлдөр менен дайыма пикир алмашып, бирге чыгып, өзүн келечектеги парламентке өтүп кетиши үчүн аялзатына куйтуңдуп кылып, ар дайым Гендердик маселелер боюнча чыгып турат. Бизнестин битин сыгып, “Кудайберген” баш болгон бизнесинде аялзаттары бала–чакасын бага алышпай отурушат. Көмөк көрсөтсө ошолорго көрсөтө бербейби?

Аида Касмалиева

Аида Касмалиева кээде парламентти башкара калганда калпты ышкыртып жиберет. Жыйынга катышкан депутаттардын санын көбөйтүп жиберет. Парламентке отуз депутат катышса, ал 90 деп жибергени бар. “Өрдөктөрү” бар Батыштын басма маалыматтарында узакка иштеген. Айрыкча “Азаттыкта” көп жыл акактады. Америкалык университетте да иштеп, Атамбаевге жагып СДПКдан келген, Атамбаевдин ээри оогондо, биринчилерден саткынчылык кылган. Батышчыл мыйзамдарды жан-дили менен колдоп турат.

Дастан Бекешов

Батыш дегенде көздөрү жайнап кеткен, Дастан мырза “Сокурлар жана дүлөйлөр” коомунан ЖКга келген. Чыр чыккан жерде, митингдерде анын жүзү дайыма көрүнүп турат. “Фридом Хаус” жана ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен уюшулган иш-чаралардан баткак менен чапкыласа да качпайт. 2019-жылдын 25-ноябрда бийликке каршы өткөн “РЕакция” митингинин уюштуруучусу. Жубайы К.Көкөбаева энеси Л.Тантабаева менен 2018-жылдын декабрынан АКШда жашашат. Дастан Бекешов Кыргызстанды бүлгүнгө учуратып аларга жетип барууга дайым даяр.

Азамат Арапбаев

Кээ бир маалыматтар боюнча АКШ аймагында бизнеси бар. Анын уулу Данияр Улуу Британияда окуйт. Былтыркы жылы ал Лондондогу офисте кытайлык компаниялардын CNMC Ltd түстүү металлдарын казып алуу боюнча практикадан өткөн. Азамат мырза АКШ, Улуу Британияга гана эмес Кытайга деле кыргыз элин сатып ийиши мүмкүн. Башкалар тууралуу да сөз болот.

Жанарбек Акаев

Батыш дегенде акактап өлүп калуучу “Азаттыкта” иштеген. Депутат болгон соң америкалык дипломаттар менен көз жоосун алган ресторандарда май чайнашкан. Алар менен чет элдик агенттер тууралуу, ЛГБТны үгүттөөгө каршы ар кандай маселелерди талкуулап, АКШ тарапка ат тезегин кургатпай чапкылап турат. Учурда бийликти оодара тартам деп Өмүрбек Текебаевдин “Ата -Мекен” партиясы менен шынаарлашып жүрөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости