www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлер добуш сатып алууну токтотсун, мен админресурсту тыйып берем. Бул туурасында президент Садыр Жапаров парламентте билдирди.

Ал бүгүн министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн антын кабыл алып, андан соң кайрылуу жасады.

«Бул жердеги депутаттар көпчүлүгүңүздөр кайрадан шайлоого катышып жатасыздар. Менин сиздерден суранарым, келиңиздер, шайлоону таза, адилеттүү жана так өткөрөлү. Талапкерлер, партиялар, сиздер добуш сатып алуу токтотсоңуздар, административдик ресурсту колдонбоо жагын мен токтотуп берейин. Буга эрким да, күчүм да жетет», — деди Жапаров.

Ошол учурда депутаттар кубаттап кол чаап жиберишти. Мамлекет башчы андан ары сөзүн эми админресурс колдонгондор кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

«Мурдагыдай мугалим, дарыгер, айыл өкмөт, аким жана башка мамлекеттик кызматта иштегендер кайсы бир партияга же талапкерге үгүт жүргүзүшүнө бөгөт коёбуз. Андай аракеттерди түп-тамырынан кыркабыз. Бул жолу элдин эркин тандоосун камсыздайбыз. Аны үчүн кызматтан алуу менен чектелбей, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен жазага тартабыз», — деди президент.

Аны менен катар Жапаров добуш сатып алууга бөгөт коюу үчүн жалпы элдин да жардамы керек болорун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости