www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жакшы кадрлар тандалды жана дайындалды», - деди бүгүн, 14-октябрда NazarNews маалымат агенттигине профессор Алмазбек Акматалиев.

- Алмазбек агай, жаны өкмөттүн курамы купулуңузга толдубу же баягылар эле келдиби?

- Купулума толду. Жакшы кадрлар тандалды жана дайындалды. Бул Өкмөттүн иши өтө татаал болот, бардык тармактарда чечилбеген проблемалар арбын. Бирок, Өкмөттүн чечүү жөнүндө жакшы ойлору бар экен, эмнеге кылышты жана качан, кантип кылышты Өкмөт билээрин Жогорку Кеңеште тастыкталды.

Ошон үчүн бул Өкмөттүн курамына Жогорку Кеңеш макулдугун берди. Президент аларды дайындады. Бул Өкмөткө ийгилик каалайм жана ректор катары колдоого, жардам берүүгө даярмын.

Бардык мамлекеттик органдардын, мекемелердин жетекчилери, эл да колдоп турушубуз абзел. Сөз менен эмес, конкреттүү иш менен. Ар бир жетекчи  өз ишин талапка жараша аткарып турса ошондо гана Өкмөттүн пландары ишке ашат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости