www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирак жана Сириядагы террорчулар Афганистанга тартылып жатканына байланыштуу чек араларда көзөмөлдү күчөтүү керек. Анткени алар КМШ өлкөлөрүндө абалды курчутууга аракет кылышы мүмкүн. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путиндин сөзүнө таянып РИА Новости жазды.

"Ирак, Сириядан Афганистанга согушуу үчүн тажрыйбасы мол террорчулар барып жатат. Алар чектеш мамлекеттерде абалды курчутуп, керек болсо кулачын жаюуга аракет кылышы ыктымал. Андыктан чек араны катуу көзөмөлдөп, күч органдарынын ишин координациялоо керек. Зарыл болгон учурда биргелешкен атайын операцияларды өткөрсөк болот", — деди Путин.

Белгилей кетсек, Афганистандагы кырдаал Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң кескин курчуган. Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Ошол эле күнү Афганистандын президенти Ашраф Гани "кандуу булоондун алдын алыш үчүн" өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү "Талибандын"* саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жар салган.

Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Булак: NazarNews.kg

Последние новости